19.06.2018 15:21

Мурунку экономика министри Темир Сариев кайрадан УКМКга суракка чакырылды

Мурунку экономика министри Темир Сариев кайрадан УКМКга суракка чакырылды

Мурунку экономика министри Темир Сариев кайрадан УКМКга суракка чакырылды. Бул маалыматты April.kg порталына Коопсуздук кызматтын өкүлү Рахмат Сулайманов тастыктады.

Буга чейин 13-июнда Темир  Сариев УКМКга сурак берип чыккан. Анда мурунку экономика министри  тергөөчүлөр «Эксим банк» менен контракт жана кредиттик келишим түзүүдөгү Экономика министрлигинин позициясы  тууралуу тактап сураганын билдирген.  

«Анда биз тендер өткөрүү зарылдыгын айтып,  жылуулук станцияларын курууда  тажрыйбасы мол компания тандалсын деген жообубузду  кат түрүндө жибергенбиз. Биз макулдашууга кемчиликтерди көрсөтүү менен кол койгонбуз. Тергөөдө мен ушуларды дагы бир жолу тастыктап бердим», -деген Сариев. 

Бул ирет дагы ЖЭБди жаңылоого байланыштуу ачылган кылмыш ишинин алкагында күбө катары чакырылды деген маалымат айтылды.